Коронавирустун "омикрон" штаммын симптому жок өткөрүү эмнеси менен кооптуу

Вирусолог коронавирустун бардык штаммы өзү тууралуу белги бербей турганын эске салды. Жадагалса COVID-19 инфекциясынын "дельта" түрү да симптомсуз өткөн учурлар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы симптому жок өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна биология илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин вирусология кафедрасынын профессору Алексей Аграновский айтып берди.
Ал коронавирустун бардык эле штаммы өзү тууралуу белги бербей турганын эске салды. Жадагалса COVID-19 инфекциясынын "дельта" түрү да симптомсуз өткөн учурлар бар.
"Коронавирустун "омикрон" штаммы тууралуу маалыматтар көп топтоло элек. Бирок биз коронавирустун бул түрү менен деле айрымдар белгиси жок оорушу ыктымал деп айта алабыз. Ухань шаарынан чыккан коронавирус да ушундай касиетке ээ эле. Вирустук инфекциянын белгиси билинбеген кишилерде оору андан ары организмде өрчүй берет", — деген вирусолог.
Адис вирусту симпмтомсуз көтөргөндөр айланадагыларга кооптулук жаратарын айтты.
"Мындай бейтаптарды вирустун "супер таратуучусу" деп коюшат. Өздөрү кыйналбаганы менен организм вирусту көп өлчөмдө бөлүп чыгарып, ондогон кишиге жуктурат", — деген Аграновский.
Вирусолог коронавирустан сактануу үчүн вакцина алып, санитардык чараларды сактоону эскертти.
Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты
БУУ коронавирустан кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырды