БУУ коронавирустан кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырды

COVID-19 пандемиясы 2020-жыл жаңырганда каптап, дүйнө эли эки жылдан бери аталган оору менен алышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Коронавирус адамзат үчүн акыркы пандемия эмес, кийинкисине даярдык көрүү керек. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Коронавирус адамзат кабылган акыркы пандемия эмес. Саламаттык сактоо жаатында кризис жаралбаш үчүн биз кийинкисине азыртан даярдык көрүшүбүз керек", — деп жазган Гутерреш Twitter баракчасына.
Эске салсак, 27-декабрь — эпидемияга каршы эл аралык күн. Гутерреш бул датада жогорудагы маселеге көңүл бурууну айтып, кийинки пандемияга, саламаттык сактоо жаатына инвестиция бөлүүгө чакырган.
COVID-19 пандемиясы дүйнөнү 2020-жыл жаңырганда каптап, адамзат эки жылдан бери аталган оору менен алышып келет.
"Дельта" менен "омикронду" бир учурда жуктурса эмне болорун адис айтып берди