Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында кайра шайлоо күнү белгиленди

Талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо күнү 27-февралга белгиленди. Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Кайра шайлоо өткөрүүгө 18 миллион 486 миң сом сарпталат.
Радио
БШК өкүлү кайра шайлоого кимдер катыша аларын айтты
Президент шайлоонун шарты мындан да өзгөрүп, күчөтүлөрүн айтты