Каныкей Кубанычбекова бир туугандары менен Кыргызстандын чемпиону болду. Сүрөт

Республикалык чемпионат 25-26-декбарь күндөрү Бишкекте өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга ок атуу спорту боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Забида Ырсалиева билдирди.
1 / 2

Республикалык чемпионат 25-26-декабрь күндөрү Бишкекте өтүп, ага 46 спортчу катышкан

2 / 2

Анын арасында Кубанычбекованын бир тууган сиңдиси Кайыргүл жана иниси Бакберген дагы алдыңкы орундарга жетишкен

Республикалык чемпионат 25-26-декабрь күндөрү Бишкекте өтүп, ага 46 спортчу катышкан. Анын арасында Кубанычбекованын бир тууган сиңдиси Кайыргүл жана иниси Бакберген дагы алдыңкы орундарга жетишкен.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси төмөнкүдөй болду.
Кыз-келиндер арасында мылтык менен атуу:
1-орун — Каныкей Кубанычбекова;
2-орун — Арууке Талантбекова;
3-орун — Анастасия Щуковская.
Эркектер арасында мылтык менен атуу:
1-орун — Рамазан Кадырбеков;
2-орун — Сыргак Түмөнбай уулу;
3-орун — Элдан Айбеков.
Кыз-келиндер арасында тапанча менен атуу:
1-орун — Бахтигүл Махмадова;
2-орун — Кайыргүл Кубанычбекова;
3-орун — Айгерим Кеңешбекова.
Эркектер арасында тапанча менен атуу:
1-орун — Александр Кошелев;
2-орун — Аскат Токмоков;
3-орун — Санжарбек Эркинбаев.
Мылтык менен атуу MIX:
1-орун — Рамазан Кадырбеков, Арууке Талантбекова;
2-орун — Сыргак Түмөнбай уулу, Анастасия Щуковская;
3-орун — Ринат Иманов, Нагима Шаимбетова.
Тапанча менен атуу MIX:
1-орун — Кайыргүл Кубанычбекова, Бакберген Кубанычбеков;
2-орун — Айгерим Кеңешбекова, Мунарбек Мусаев;
3-орун — Рамазан Кадырбеков, Бахтигүл Махмадова.
Аны менен катар жаштар арасында дагы өлкө биринчилиги өткөрүлгөн.
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды. Видео
Каныкей Кубанычбекова Ок атуу спорту федерациясынын кубогун утуп алды. Сүрөт