Кытайдын чыгышындагы Сары дарыянын саздуу жерлерин ак куулар кышында байырлайт. Көргөндөрдү суктандырган бул келгин куштар Сары дарыяга октябрь менен декабрдын ортосунда учуп келишет.
Кадрдан ак куулардын арасында кетип бара жаткан кишини жана канаттуулардын андан коркпой, тескерисинче, тегеректеп жүргөндүгүн көрүүгө болот.
65 жаштагы Хэ Цзяньси бул жерде 20 жылга чукул убакыттан бери жашап, иштейт. Маалыматта анын канаттууларды жүгөрү, капуста менен багып чыгары айтылган.
Тема боюнча: