Радио

Болотбеков: КР хоккейчилери Мексикадагы дүйнө чемпионатына катышат

Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков кыргызстандык хоккейчилер үчүнчү дивизиондогу 20 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатына катышарын айтты.
Sputnik
Мелдеш 2022-жылдын 6-16-январь аралыгында Мексиканын Керетаро шаарында өтүп, сегиз команда күч сынашат. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан мелдешке алгачкы ирет катышып, Израиль, Тайвань, Болгариянын хоккейчилери менен А тайпасында чемпиондук үчүн ат салышат.
"Кыргызстандын курама командасы үчүнчү дивизиондогу хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышат. Мелдеш 2022-жылдын 6-16-январь аралыгында Мексиканын Керетаро шаарында өтүп, сегиз команда күч сынашат. Биздин жаш спортчулар А тайпасында Израиль, Тайпэй, Болгариянын курама командалары менен атаандашат. Учурда команда толугу менен чогулуп, машыгууларды өткөрүп, мелдеште ийгилик жаратуу үчүн аракет көрүүдө. Бирок Эл аралык хоккей федерациясынын рейтинги боюнча, катыша турган жети команда биздин курамадан жогорку тепкичте турат. Демек, оюн оор болору белгилүү. Кыргызстан 84 мамлекеттин ичинен 53-орунда жайгашкан", — деди Болотбеков.
Ошондой эле адис машыктыруучулар штабы курама команданы даярдап, үчүнчү дивизиондогу дүйнө чемпионатында мелдештин плей-офф бөлүгүнө чыгуу пландалганын кошумчалады.