Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кош жарандуулукка уруксат берилбейт, бирок ошол эле учурда эки жарандык алууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Назарбек Кенжеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар чек арасы кесилишпеген үчүнчү өлкөлөрдүн жарандыгын ала алышат.
"Кош жарандуулук жана эки жарандык түшүнүктөрү бири-биринен айырмаланат. Биздин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кош жарандуулукка уруксат берилбейт. Бирок ошол эле учурда эки жарандык менен жүргөн адамдар бар. Алар — Кыргызстан менен чектешпеген үчүнчү мамлекеттердин жарандыгын алгандар. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкпай туруп деле эгер ал жактын мыйзамдарына туура келсе, жарандыгын ала берсе болот. Мындай эки жарандыгы бар адамдар биз үчүн Кыргызстандын жараны болуп эсептелет жана кыймылсыз мүлк алууда, башка турмуштук маселелерде бир гана жарандыгы бар кыргызстандыктардан укуктары айырмаланбайт. Ошону менен катар эле белгилүү чектөөлөр да киргизилген. Мисалы, белгилүү бир кызматтарда иштей алышпайт. Мындай эрежеден пайдаланып көбүнесе кыргызстандыктар Россиянын жарандыгын алып жатышат", — деди Кенжеев.
Ал учурда Россия Федерациясында расмий маалыматтарга ылайык, 750 миң кыргызстандык жүрсө, алардын 350 миңи Москва шаарында эмгектенерин кошумчалады.