Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча фигурант катары каралып жаткан. Былтыр үй камагынан бошотулуп, быйыл жайында кайра убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн эркиндикке чыккандыгын анын жактоочусу Замир Жоошев Sputnik агенттигине кабарлады.
Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча фигурант катары каралып жаткан. Ошол эле жылдын декабрь айында убактылуу кармоо жайына киргизилген. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин үй камагына бошотулган. Анткен менен үй камагынын тартибин бузду деген кине менен 5-августта кайра убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бүгүн анын бул окуя боюнча бөгөт чарасынын мөөнөтү соңуна чыкканы белгилүү болду.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү жылдырылды