БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкекте бокс боюнча улуттук курама команда машыккан зал оңдоодон өтүп ачылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департамент кабарлады.
Спорттук жайдын ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров, машыктыруучулар, спортчулар жана башка коноктор катышты.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө ардактуу коноктор кызыл лентаны кесип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөшкөн.
"Бокс сүйүүчүлөр үчүн бүгүн кубанычтуу күн деп айтсак болот. Анткени спортчулардын жана агайларыбыздын тилеги ишке ашты. Президент Садыр Нургожоевич жана башка меценаттардын колдоосу менен көп жылдан бери оңдолбой келген зал жаңыланды. Кыргызстанда бокс мектеби күчтүү, легендарлуу спортчуларыбыз бар. Алдыда Париж Олимпиадасында спортчуларыбыз ийгиликке жетерине ишенем", — деген министр Жаманкулов.
Өз кезегинде Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев Париж Олимпиадасына лицензия алууга бардык күч-аракетти жумшоого сөз берди.
"Бокс залыбыздын жаңыланышы биз үчүн эле эмес, жалпы кыргыз спорту үчүн Жаңы жылдын алдында чоң белек болду. Бул зал спортчуларыбыздын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. 30 жылдан бери кимге гана кайрылбадык! Оңдоо иштеринен өткөндөй эмес, жаңы зал ачылгандай болуп калды", — деген атактуу боксчу Орзубек Назаров.
Белгилей кетсек, залды оңдоо иштери октябрь айында башталган. Бокс күйөрмандары жана спортчулар Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, маселени чечип берүүнү өтүнгөн.
Sputnik агенттигин мындан беш жыл мурун курама команда машыккан ушул бокс залын тарткан.