БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бала-Саруу ГЭСи — долбоор боюнча жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн үч генераторлуу, орточо 92 миллион кВт-саат өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан электр станциясы.
Эске салсак, 29-августта президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.
"Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКсынын көмөгү менен "Чакан ГЭС" ишканасы турмушка ашырмакчы", — деп айтылган маалыматта.
Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда. Бала-Саруу ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу, натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Мындан мурдагы маалыматтарда Бала-Саруу ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулары айтылган. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизацияланмакчы.
Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана агып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун эң жаңы системалары киргизилет. Бул чаралардын бардыгы Киров суу сактагычынын ишин кыйла жакшыртат жана сугат үчүн суунун топтолгон көлөмүн сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет.