Адатта жекшемби күндөрү "Риом-авто" базарына эл өзгөчө көп келет. Бирок бул сапар сатып алуучулар аз болду. Алардын айтымында, майды аз ичкен автоунаалар бир нече айдын ичинде эле 500дөн 1 500 долларга чейин кымбаттап кетти. Көпчүлүк кыргызстандыктар базарга келип машиналардын баасын сураганы менен сатып албай жатышат. Кардарлардын арасында учурда баалар чегине жетип, бир нече айдан кийин арзандайт деген кеп-сөздөр жүрүүдө.
Айдоочулар арасында өзүнүн машинасын сатып майды аз ичкен унаа сатып алууну көздөгөндөр да бар.
"Бензин кымбаттаганына байланыштуу өзүмдүн унаамды сатып, кайра май аз ичкен автоунаа алууну пландап жатам. Себеби күнүмдүк чөнтөккө ылайыктуу машина айдаганга туура келүүдө", — деди Илгиз аттуу жаран.
Ал эми 10 жылдан бери машина ташып иштеген Нурсултан Рыскулов автоунаалар эмнеге кымбаттап жатканын айтты.
"Өлкөгө машина кирбей калгандыктан кымбаттап жатат. Америка, Корея жана Грузиядан заказ кылынган машиналардын бардыгы чек аралар жабылып калгандыктан кармалып калды. Өзгөчө май аз ичкен автоунаалар кымбаттады. Себеби бензиндин баасы өсүп кетти. Эгер бензин арзан болсо, машиналардын дагы баасы төмөндөмөк. Автоунаалардын эң көп партиясын Казакстан (Кыргызстандан) алып кетүүдө. Айрыкча Шымкент, Алматы жана Нур-Султанга ташылып жатат. Себеби бизде баалар кыйла төмөн", — деди ал.
Рыскуловдун божомолу боюнча, жаз келери менен машиналар арзандайт. Анткени учурда Кыргызстанга заказ кылынган автоунаалардын чоң партиясы келе жатат. Бул унаа рыногундагы бааларды жөнгө салышы мүмкүн.