UFC Шевченконун чемпиондук кармаштарын топтоду. Бүйүр кызыткан видео

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык Валентина Шевченконун чемпиондук наам алгандан тарта аны коргогонго чейинки беттештеринин кызыктуу учурларын топтоду.
Sputnik
Тогуз мүнөттүк ролик UFC уюмунун YouTube каналына чыкты.
Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиону болгон. Мушкер кыз 2019-жылдын июнь айында Жессика Айды жеңип, биринчи ирет чемпиондук наамын коргогон. Андан кийин Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян, Женнифер Майя, Жессика Андраде жана Лорен Мерфини утуп, жалпысынан алты ирет чемпиондук наамын сактап калган.
Учурда Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин рейтингинде биринчи сапка чыкты. Өзүнүн жарым жеңил (57 килограмм) салмактагы рейтингде дагы тизме башында.
Валентина азыркы күндө мекени Кыргызстанга келип эс алууда. Буга чейин ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курган.
Бишкектеги "Даңк аллеясына" Шевченкого арналган жылдызча түшүрүлдү. Сүрөт, видео