Эксперт мобилдик тиркеменин смартфондогу кооптуулугун айтты

Адистин айтымында, ири банктардын тиркемелери жалпысынан коопсуздук боюнча заманбап талаптарга жооп берет. Бирок бир маанилүү нерсени эске алуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Интернет-кылмышкерлердин артынан мобилдик тиркеме кооптуу болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Россиянын техникалык илимдеринин кандидаты Евгений Кашкин билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, ири банктардын тиркемелери жалпысынан коопсуздук боюнча заманбап талаптарга жооп берет. Бирок негизги көйгөйдү тиркеме эмес, колдонуучулардын ишенчээктиги менен кылмышкерлердин иш-аракеттери жаратат.
"Банк эч убакта онлайн-банкка кирүү үчүн шилтемени басууну суранбайт. Ушул маанилүү нерсени эске алыш керек. Мындай иш кылмышкерлердин гана колунан келет. Алар расмий тиркеменин же сайттын күзгүсүн түзүп, кардардын маалыматтарын уурдайт", — деди адис.
Эксперт ошол себептен онлайн-банкка кирүүдө сыр сөздү тез алмаштырып турууну сунуштаган. Анткени аларды көз боёмоочулар бат эле байкап калышы ыктымал.
Артыңыздан веб-камера менен аңдып жатканын кантип билсе болот. Кеңештер