Россия менен НАТО сүйлөшө турчу негизги темалар белгилүү болду

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы январда болору күтүлүп жатат. Эгерде Батыш Москванын талаптарына реакция кылбаса, тирешүү күчөшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Россиянын АКШ жана НАТО менен алдыдагы сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларын атаганын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, негизинен Түндүк Атлантика альянсын кеңейткенге жана Россиянын чек араларында коопсуздукка коркунуч келтирген куралдын пайда болушуна жол бербөө маселеси ортого коюлат. Буга чейин айрым Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү бул тема каралбай калышы мүмкүн деген билдирүүсүн тараткан, аларга Захарова жооп кайтарды.
"Муну Россиянын позициясын түшүнө элек адамдар так билип алышы керек", — деди дипломат.
Өткөн аптада Москва коопсуздук кепилдиги жөнүндө АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Анда Европадагы коопсуздуктун өз ара кепилдиктери, орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды бири-бирине жакын жайгаштырбоо жана альянсты мындан ары кеңейтпөө жобосу камтылган. Документтер Вашингтон менен анын союздаштарына жөнөтүлгөн.
ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге эгер НАТО менен АКШ Россиянын коопсуздук кепилдиги жөнүндө талаптарына реакция кылбаса тирешүү күчөшү ыктымал экендигин айткан.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы январда болору күтүлүп жатат. Россиянын президенти Владимир Путин НАТОнун чыгышты карай кеңейиши жана Украинага чабуул куралын жайгаштырышы — Москва үчүн кызыл сызык экенин бир нече жолу белгилеген.
Путин Батыш эмнеге Россияга кысым көрсөтүп жатканына токтолду