Кыргызстанга Россиядан өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди. Видео

Бүгүн Россиядан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жиберилген жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, февраль айынын аягына чейин дагы 58 автоунаа келери күтүлүүдө. Атайын унаалар Россиядагы заводдон чыгарылган, аны алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшкөн.
Жайында ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев министрлик техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен макулдашуу түзгөнүн белгилеген. Анын алкагында эки тик учак да алынмак.
Ошондой эле Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 6 мобилдик госпиталь жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бере турганы кошумчаланган.
Кыргызстанга "Байрактар" учкучсуз аппараттары келип түштү. Сүрөттөр