Балээден алыс болосуң! Министрлик бет кап тагынуунун зарылдыгын эскертти

Министрлик медициналык бет кап тагынуу ар кандай респиратордук инфекцияларды жуктуруп алуу ыктымалдыгын 1,8 эсеге азайтарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги сезондук вирустук инфекциялар, анын ичинде коронавирус күчөп турган маалда бет кап тагынуунун зарылдыгын эске салды.
Министрлик бет кап тагынууга чакыруу үчүн ролик да жүктөгөн.
"Эл көп чогулган жерлерге барганда, коомдук транспортко түшкөндө медициналык бет кап тагынуу ар кандай респиратордук инфекцияларды жуктуруп алуу ыктымалдыгын 1,8 эсеге азайтат. Бет кап тагынууну адатка айлантыңыз", — деп жазылган маалыматта.
Бирок COVID-19дан тиешелүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу үчүн бир гана бет кап жетишсиз. Кошумча эрежелерди кармануу зарыл:
1.
бир метрден кем эмес аралыкты сактоо;
2.
колду антисептик менен тазалап же жакшылап жууш керек;
3.
эл көп чогулган жерлерге барбай туруңуз.
Ошондой эле министрлик вирустан коргонуу үчүн вакцина алууну да эскертип келет. Учурда Кыргызстанда эмделгендер 1 миллион 200 миңден ашты.
Кыргызстанга кирген жарандардын ПЦР-тестин текшерүүнү күчөтүү сунушталды