Унааларды ташка алуу: кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал тууралуу маалымат

Кечээ Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстан жарандары кыргызстандыктардын төрт автоунаасын ташка алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал бүгүн саат 11:00гө карата туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматта түн тынч өтүп, чыр-чатак катталбаганы белгиленди.
"Ал жакта жайгашкан Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 25-декабрда, кечинде Баткендин Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстан жарандары кыргызстандыктардын төрт автоунаасын ташка алган. Чек ара заставасынын жетекчиси асманга үч ирет ок аткандан кийин алар өз аймагына качкан. Ал эми түш ченде Лейлектин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өзүнүн постуна миномёт орноткон. Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын маңдайындагы тажик аймагына аскерлер топтолгон.
Чек арада жарадар болгон айдоочу: тажик тарап күнөөсүн моюндады