Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруу боюнча сынак жарыяланды

Аталган конкурстун алкагында Иманалиевдин "Аруузатым" аттуу ырын орус жана англис тилинде өзгөчө аткаргандар үчүн да атайын сынак болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруу боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, сынак 2022-жылдын 15-16-январында КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт. Ага 15 жаштан 40 жашка чейинки аткаруучулар катыша алат.
Иш-чаранын максаты — төкмө акындын чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү жана түбөлүк сактоо, ошондой эле башка тилдерде дагы жайылтуу. Аталган конкурстун алкагында Иманалиевдин "Аруузатым" аттуу ырын орус жана англис тилинде өзгөчө аткаргандар үчүн да атайын сынак болору айтылды. Акындын санаалаштары кийин Иманалиевдин автордук эле эмес, репертуарларындагы бардык ырларын аткаргандардын сынагын уюштурууну пландап жатканын билдиришкен.
Маалыматта байге фондуна 600 000 сом коюлганы кабарланды.
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси