Суук түшөт. Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

27-декабрга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Ага ылайык, зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында -2...+3, Нарын аймагында -3...-8 градус суук болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүн табы 0...-2 градус суук, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болору болжолдонду.
Жылдын соңку аптасында аба ырайы кандай болот