Баткен: чек арада тажикстандыктар кыргызстандыктардын автоунааларын таш менен урган

Абалдын курчуп кетпешин көзөмөлдөп чатак болгон жерде Чек ара кызматынан Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен Баткен чек ара отрядынын жетекчилери жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн кечинде, саат 19:40 ченде Ош — Баткен — Исфана жолундагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстан жарандары кыргызстандыктардын болжол менен төрт автоунаасын таш менен ургулаган. Жаракат алгандар жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
"Окуя болгон жерге жетип келген Көк-Таш чек ара заставасынын жетекчиси асманга үч ирет ок аткандан кийин, Тажикстан жарандары өз аймагына качып кирип кеткен. Окуядан кийин Эки-Ташта дароо Кыргызстан менен Тажикстан чек ара заставаларынын жетекчилери жолугуп, абалды турукташтыруу максатында кошумча аскерлерди коюшкан. Тажик тарап чатакка катышкандар изделип жатканын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.
Андан мурдараак, түш ченде саат 14:30га чукул Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өзүнүн постуна миномёт орноткон. Кыргызстандык Дамба жана Максат айылдарынын маңдайындагы тажик аймагында тажикстандык аскерлер топтолгон. Абалдын курчуп кетпешин көзөмөлдөп чатак болгон жерде Чек ара кызматынан Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен Баткен чек ара отрядынын жетекчилери жүргөнү айтылды.
Мамлекеттик чек аранын аталган тилкесиндеги бөлүктөр күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өткөнүн жана учурда абалга байкоо жүргүзүлүп, көзөмөлдө экени кошумчаланды.
Расмий маалыматта 25-декабрга карата кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экени айтылды.
Лейлекте тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргызстандык айдоочу жаракат алды