Аллергиясы барлар жасалма балатыны жууп-тазалап койгону оң. Адистин сунушу

Балатыга тагылган оюнчуктар да аллергия чакырышы ыктымал. Ошондуктан алардын жыты барларын албай эле койгон дурус.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиялык дарыгер, Москванын калкка биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкары башкы адиси Андрей Тяжельников аллергиясы барларга жасалма балатыны орнотуу алдында аны жууп-тазалоону сунуштаганын РИА Новости жазды.

"Жаңы жыл аллергиясы барлар үчүн оор учур. Анткени дал ошол жаңы жылдык атрибуттар аллергия чакырышы ыктымал. Анын ичинде балаты дагы бар. Көбүнчө аллергия жасалма синтетикалык балатылардан да болот. Анткени алардын баары эле сапаттуу материалдан жасала бербейт. Балаты жыл бою жакшы сакталбаса, анда ал өзүнө чаңдын баарын соруп алат дагы майрамда көйгөй жаратат", — деген адис.

Тяжельниковдун айтымында, аллергиясы барлар аны коёрдон мурда жууп, жакшылап кургатышы керек. Ошондой эле балаты турган бөлмөнү желдетип, анын жанына барып кармабаганы оң. Балатыга тагылган оюнчуктар да аллергия чакырышы ыктымал. Ошондуктан алардын жыты барларын албай эле койгон дурус.
Медик аллергия менен жапа чеккендерге жаңы жылдык дасторконго коюлган нерсенин баарын жегенден этият болууну эскерткен. Анткени цитрустан тарта жумуртка, тоок, шоколад, какао, жаңгак да аллергия чакырган азыктардын катарын толуктайт.
Дарыгер: үйгө берилген жылуулук абаны кургатып, ооруга чалдыктырат