Министрлик аялдарга оор, кооптуу жумуштарда иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады

Министрлик аялдар үчүн коюлган чектөөнү алып салуу демилгесин көтөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Аялдарга да шарты оор, зыяндуу жана кооптуу жумуштарда иштөөгө уруксат берүү мыйзам долбоору сунушталды. Документти Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелерин өзгөртүү каралууда. Учурда оор жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда, кара күч колдонулган жер астындагы иштерде, оор жүктөрдү кол менен көтөрүп жана жылдырып иштеген жумуштарда аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат.
Министрлик аталган чектөөнү алып салууну сунуштап жатат. Бир гана кош бойлуу жана бир жарым жашка чейинки балдары бар аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салуу каралууда.
Бул мыйзам долбоору жумуш тандоо эркиндигине, атап айтканда, эркектер менен аялдардын тең укуктуулугуна, эне жана баланы коргоого мыйзамдык талаптарды белгилөө максатында иштелип чыкканы жазылган.
Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлер көп