ЖМК: Афганистанда талибдер автоунаада музыка коюуга тыюу салды

Буга чейин Афганистандагы мейманканалардын биринин ээси үйлөнүү тойлорунда ырдоого чек коюлганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Талибдер* автоунаада музыка коюуга жана айдоочуларга хиджабсыз аялдарды ташууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости Kabul News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
"Исламга багыт алуу министрлиги Kabul News телеканалына айдоочуларга музыканы койбоого жана хиджабы жок аялдарды автоунаага отургузуп, бир жерден экинчи жерге жеткирүүгө тыюу болгонун билдирди", — деп айтылган алардын Twitter баракчасында.
Буга чейин аталган өлкөдөгү мейманканалардын биринин ээси РИА Новостиге талибдердин Афганистандагы үйлөнүү тойлорунда ырдоого жана аялдар менен эркектердин бир залда отурганына тыюу салганын айткан эле.
Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен.
Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал талибдердин биринчи жолу бийликтеги учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларында болчу.
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.
Талибдер кафе, ресторандарга катуу чектөө койду