Эми жер басып алууну токтоткула! Президент элге кайрылды

Жапаров саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган он миңдеген адамдын маселеси чечилип жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышына катышып жатып билдирди.
Анын айтымында, Чүй жана Ош облустарындагы айыл чарба жерлерине 10 миңден ашык үй курулуп, көп жылдан бери жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей келген. Жапаров саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган он миңдеген адамдын маселеси чечилип жатканын белгиледи.

"Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 аймагына бир эмес эки жолу бардым. Бул аймакта жашагандардын үй боюнча документтерин чечүү үчүн 47,7 гектар жер тилкесин трансформациялап бердик. Алар кызыл китебин, үйлөрүнүн техникалык китепчесин алып жатышат. Азыр 798 үйдүн 119у даяр болду, 69у документтерин колуна алды, 500-550 участокто изилдөө иштери жүрдү, беш мобилдүү топ иштеп жатат. Буюрса, 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарылат", — деди президент.

Ал элдин баары жашап жаткан үйлөрүнө мыйзамдуу ээ боло турганын айтып, элди жер басып алууну токтотууга чакырды.
"Эми жер басып алганды ушуну менен токтотолу! Мындан ары жакшынакай айдоо жерлерди айдоо аянты боюнча сактап калалы. Жалпы элди ушуга чакырам", — деди Жапаров.
Ал бюджет жакшы болуп турса, социалдык турак жай маселеси чечилерин убадалаган.
Белгилей кетсек, учурда өкмөттө президенттин төрагалыгы астында жыйналыш өтүп жатат. Анда министрлер кабинети 2021-жылы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат.
Садыр Жапаров: ТЭЦ–2 объектисин 2023-жылдын орто ченинде ишке киргизебиз