Бизден алтын алабыз дегендер көп! Садыр Жапаров Кумтөр тууралуу

Өлкө башчы эгер канадалык компания менен сүйлөшүүлөр жемишин бербесе, бийлик экологиянын бузулушу боюнча сотко кайрыларын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кумтөр кениндеги азыркы абал жана негизи эле долбоор тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн баланстык наркынан 926 миллион долларды алып, Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун моюндоого аргасыз болду.
Жапаров эске салгандай, чет өлкөлүк компания тарабынан Кыргызстандын экологиялык коопсуздугунун нормаларын одоно бузгандыгы үчүн Кумтөр кенине 17-майдан тартып убактылуу тышкы башкаруу киргизген.
"Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салгандыгын билдирип, LBMA биздин алтынды биржага чыгаруудан баш тарткан соң, эми алтынды сата албай калабыз деп ызы-чуу салышкан. Мен эч кам санабаңыздар деп ошондо эле айткам. Алтынды сатып алам дегендер көп. Казып жатабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт", — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, "Кумтөрдө" күчөгөн вертикалдык коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат.
"Эл аралык соттор менен соттошкондон коркпой калдык. Ал түгүл, эл аралык сотторду жеңе баштадык. Биз бир гана позицияны туруктуу кармайбыз — күрөштүн аягына чейин барабыз. Эгер сүйлөшүү жолу менен чечише албасак "Центеррага" экологиялык дооматтарды коёбуз. Жыйынтык чыгарабыз", — деди ал.
Президент экологиялык даттануулар дүйнөлүк коомчулук тарабынан жакшы колдоого алынып жатканын кошумчалады.
Бийлик Centerra Gold Inc. менен Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Сүрөт