БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө электрондук документтер менен иштөөнү үйрөнүүгө 10-январга чейин убакыт берди. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйынды жыйынтыктап жатып айтты.
Өлкө башчы 24-декабрь күнү электрондук документке кол койгонун жана мындан ары дал ушундай форматта иштөөгө даяр экенин билдирди.
"Бирок силер даяр эмессиңер. Алдыда майрамдар, эс алуу болуп, жалпысынан 15 күнүңөр бар. Санариптештирүү жаатындагы адистерди үйүңөргө чакырып алып болсо дагы өздөштүргүлө. 10-январдан баштап силерден электрондук документти кабыл ала баштайм", — деди президент.
Ошондой эле иш толук жолго салынганга чейин электрондук документтер менен катар алты ай бою кагазды дагы колдонууга уруксат берди.
"Анткен менен электрондук документ келмейинче кагазыңарды кабыл албайм! 2022-жылдын 1-июлунан тарта кагаз сатып алууну токтотобуз. Ушул жылы он айдын ичинде 840 миң пачка же миң тонна кагаз сатып алыптырбыз", — деди Жапаров.
Сөзүнүн аягында ал жанында отурган Акылбек Жапаровдун алдында "1 тонна кагаз жатканын" айтып тамашалап, "мындай болбошу керектигин" кошумчалады.