Бишкекте атышып, мушташкан алты адам №1 тергөө абагына киргизилди

22-декабрь саат 20:58дер чамасында милицияга Эркиндик проспектисинде топтошкон адамдардын мушташып жана ок чыгарганы боюнча маалымат түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкекте атышты деп айыпталган алты адам жарым жылга №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
22-декабрь саат 20:58дер чамасында милицияга Эркиндик проспектисинде топтошкон адамдардын мушташып жана атышканы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып, белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, курал колдонулганын аныкташкан.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 24-декабрда милиция кызматкерлери жаңжалга катыштыгы бар деп шектелген алты адамды кармаган. Алар: 38 жаштагы М.А., 33 жаштагы А. Г., 34 жаштагы А. Т., 28 жаштагы А.Т., 30 жаштагы Д.Н. жана 33 жаштагы А.Т. Алардан "Сайга-12" үлгүсүндөгү курал табылган.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.
Лейлекте тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргызстандык айдоочу жаракат алды