Жапаров Чүйдөгү интернатка 1 млн. сом, жарандар сатып берген бусту тапшырды. Сүрөт

Мектеп-интернатта 5 жаштан 18 жашка чейинки 175 бала тарбияланат жана педагогикалык жамаатта отузга чукул тарбиячы, мугалим иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чүйдүн Жаңы-Жол айылында жайгашкан жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Чүй мектеп-интернатынан кабар алып, мекемеге 1 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, Жапаров мекемеге камкор жарандар сатып берген кичи автобустун ачкычын да берген. Президент кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган турнирде ойногондор ага сайылган байге фондунун 1 миллион сомдук акчасын бул мекемеге берүү чечимине келишкенин айткан.
1 / 6

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чүйдүн Жаңы-Жол айылында жайгашкан жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Чүй мектеп-интернатынан кабар алып, мекемеге 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.

2 / 6

Мындан тышкары, Жапаров мекемеге камкор жарандар сатып берген кичи автобустун ачкычын да берген.

3 / 6

Президент кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган турнирде ойногондор ага сайылган байге фондунун 1 миллион сомдук акчасын бул мекемеге берүү чечимине келишкенин айткан.

4 / 6

Мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаева президентке ыраазычылык билдирип, интернатта кичи футбол аянтчасын куруу пландалып жатканын жана түшкөн каражат ушул максаттарга жумшаларын билдирген.

5 / 6

Андан соң Садыр Жапаров мекеменин тарбиялануучулары үчүн салына турчу көп батирлүү "Бакыт үйүнүн" пайдубалына капсула койгон.

6 / 6

Белгилей кетсек, мектеп-интернатта 5 жаштан 18 жашка чейинки 175 бала тарбияланат жана педагогикалык жамаатта 27 тарбиячы, мугалим иштейт.

Мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаева президентке ыраазычылык билдирип, интернатта кичи футбол аянтчасын куруу пландалып жатканын жана түшкөн каражат ушул максаттарга жумшаларын билдирген.
"Өзүбүздүн футбол аянтчабыз болсо, Кудай буюрса балдарыбызды чемпион кылабыз", — деген ал.
Андан соң Садыр Жапаров мекеменин тарбиялануучулары үчүн салына турчу көп батирлүү "Бакыт үйүнүн" пайдубалына капсула койгон.
"Мекеменин тарбиялануучулары Жапаровго өздөрүнүн чыгармачылыгын жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүп, президент балдардын чыгармачылык иштерине баа берип, колу менен жасаган буюмдарынан бирин сатып алды. Аларга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Мамлекет башчы ал жерде иштегендерден эмгек шарты, маяналары тууралуу сурап, келерки жылы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын айтты", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мектеп-интернатта 5 жаштан 18 жашка чейинки 175 бала тарбияланат жана педагогикалык жамаатта 27 тарбиячы, мугалим иштейт.
Өз убагында бүтүргүлө! Жапаров ири туннелдин курулушун барып көрдү. Сүрөт