Кыргызстанда Исхак Раззаков атындагы шаар пайда болот

Мамлекет башчы Исхак Раззаковдун юбилейинин урматына карата анын атын шаарга берүү чечимин кабыл алгандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Исфана шаары эми мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын алмакчы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

"Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштагам. Анын 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым", — деди Жапаров.

Белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Раззаков согуштан кийин оор абалда калган Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан күчтөнткөн. Өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон.
Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты