Куткаруучулар Бишкектеги батирлердин биринен кемпирдин сөөгүн тапты

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар 91 жаштагы кемпирдин сөөгүн милицияга өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Куткаруучулар Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринен 91 жаштагы кемпирдин сөөгүн тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Куткаруучулар Ленин районунун Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 91 жаштагы М.Н. аттуу кемпирдин сөөгүн тапкан. Алар маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп билдирген маалымат кызматынан.
Эшикти ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу барган.
Ат-Башыда гараждагы автоунаадан жубайлардын сөөгү табылды