Өчүп бараткан вулканды дал үстүнөн көрдүңүз беле? Кызыктуу видео

Быйылкы жылдын агрессиялуу, көп чыгым тарттырган жанар тоолорунун бири, Ла-Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха акыры жоошугандай.
Sputnik
Интернетте "от бүрккөн" ажыдаардын дал үстүнөн тартылган, түтөп, карарып жана кыймылсыз, кээ бир жеринде силкинип жаткан видеосу тарады.
Бул кадрлар Испаниянын геология жана тоо иштери боюнча институту тарабынан тартылган. Андагы видеого караганда, жанар тоо акырындап өчүп бара жаткандай.
Испаниялык ЖМКлар жергиликтүү бийлик жакын арадан тарта аралды калыбына келтирүү иштерине киришкенин жазды.
Ла-Пальмада аба да акырындап жакшыра баштаганы айтылды. Маалыматта анткен менен аймактарда баары бир көмүр кычкыл газы, ис көйгөйү байкалып турары жазылган.
Гряда Кумбре-Вьеха ошол аймактагы Ла-Пальма аралында (Канар аралдарынын ичинен) эң активдүү жана көптөрдүн тынчын алып, түйшүккө салган вулкан болду.
Окумуштуулардын айтымына караганда, анда-мында ал баары бир от бүркүп турат жана жердин кээ бир учурда термелгени да байкалууда. Адистер бул жанар тоонун активдүү фазасынын аякташы экендигин билдиришкен.
Канар аралындагы от менен жалын болуп атылып жаткан Кумбре-Въеха 2021-жылдын 19-сентябрында ойгонгон. Ал 40 күнгө жакын мезгил ичинде 900 гектарга чукул жерди каптаган. Учурда ал ошол жерде жашагандар менен жергиликтүү бийликтин баш оорусу болгон. Вулкандын кооптуулугунан улам жети миңге чукул адам аталган аймакты таштап чыгып кеткен.
Тоо ылдый тоголонуп келе жаткан от. Канардан тартылган видео