Өмүрүн кыргыз тарыхын изилдөөгө арнаган. Юлий Худяковго жазылган некролог

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков илимдеги белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, билим-илим чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ адам болгон. Ал бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган.
Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун үй-бүлөсүнө, досторуна жана жакындарына көңүл айтты.
Юлий Сергеевич Худяков 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.
Ал бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.
"Худяковдун бүткүл өмүр жолу – өз ишин берилгендик менен аткаруунун жана талыкпас илимий изденүү менен талап кылынган граждандык парзын аткаруунун өрнөгү. Юлий Сергеевич Худяков өзүнүн жогорку профессионалдуулугу, активдүүлүгү жана патриоттук позициясы үчүн урмат-сыйга ээ болду. Анын бул жашоодон кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу", — деп айтылган некрологдо.
Некрологдо Юлий Сергеевич кыргыз элинин эсинде кыргыз элинин улуу досу катары кала берери айтылган.
Айтылуу археолог, тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков 2021-жылдын 24-декабрь күнү 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Sputnik Кыргызстандын советтик жана россиялык археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак иликтөөчү Юлий Худяков менен болгон маегин окуй аласыздар.
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек