Исфана шаарын Раззаков калаасы кылып өзгөртчү жарлык чыкты. Эмнелер айтылды

Чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында шаарга ысымы ыйгарылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарын өзгөртүп, ага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Белгилей кетсек, бүгүн Министрлер кабинетинин жыйынында мамлекет башчысы Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн.
Маалыматта Жапаровдун Конституциянын 71-беренесин жана 86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып токтом кылганы кабарланган.
Аталган кадам Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, КРдин мамлекеттик жана саясий чыгаан ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жасалганы айтылган. Мамлекеттүүлүктү калыптандырууга, өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгеги эске алынганы, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу бул чечим кабыл алынганы белгиленген.
Жарлыкта төмөнкүлөр жасалыш керектиги айтылган:
Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо маселесин белгиленген тартипте карашы керек. Андан сырткары, КР мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүсү айтылган;
Жогорку Кеңештин жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароосу сунушталган.
Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты