БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Быйылкы жылы ушул күнгө чейин Бишкекте өзүм билемдик менен ээлеп алынган жерлерге 24-декабрга карата 221 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Маалыматка караганда, техникалык паспортторду берүү боюнча ыкчам топтор 7-декабрдан тарта иштей баштаган.
“Бардыгы болуп 1 047 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен сегизи кабыл алынган жок. 366 документ даярдалды, 221 документ жер тилкесин ээлеп тургандарга берилди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мекемеден түшүндүргөндөй, ыкчам топ өзүм билемдик менен ээлеп алынган жерлерге курулган үйлөрдү карап чыккан соң аларга техникалык паспорт даярдайт.
“Бирок бул документ жерди менчиктештирүүгө укук бербейт. Ал жөн гана кыймылсыз мүлктүн техникалык абалы тууралуу маалымат. Тагыраагы, жерди менчиктештирүүдөгү аракеттердин биринчи гана этабы”, — деди мекемеден.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышына катышып жатып 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарын билдирген.
Анын айтымында, Чүй жана Ош облустарындагы айыл чарба жерлерине 10 миңден ашык үй курулуп, көп жылдан бери жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей келген. Жапаров саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган он миңдеген адамдын маселеси чечилип жатканын белгиледи.
Баса, буга чейин Жапаровдун демилгеси менен Бишкектин чегинде жайгашкан ТЭЦ-2нин тегерегиндеги ээлеп алынган жерлер мыйзамдаштырыла баштаган.