Акылбек Жапаров: карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жетип калдык

2023-2030-жылдары Кыргызстан 3,9 миллиард долларлык карызынан кутулушу зарыл. Анын жарымынын көбү Кытайга бересе акча.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жетип калды. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөрүп жаткан жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстандын карызынын көлөмү 4,7 миллиард долларга жетти.
"2023-2030-жылдары эң чоң суммадагы карыздарды төлөй баштайбыз. Тагыраагы, жети жыл ичинде 3,9 миллиард доллардан кутулушубуз зарыл. Анын 50 пайыздан ашыгы (1,95 миллиард доллар) коңшу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын алдындагы бересебиз. Айла жок, баарын төлөп беребиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 222,7 миллиард сом бөлүнгөн.
Салыктан карызы барлардын айып пулун кечүү мөөнөтү узартылды