БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов камакта калтырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Ош облустук сотунун маалымат кызматы "Женгонун" үй камагына чыгарылганын кабарлаган.
Ушул жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 207-беренесинин ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу") 3-бөлүгү, 215-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган. Кийин бул кылмыш ишти Кара-Суу райондук соту карап, анын баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.
"2021-жылдын 24-декабрында төрагалык кылган судья алмашкандыгына байланыштуу Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу болуп өзгөртүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан өкүлдөрдүн бири Кадырбек Досонов 2021-жылдын 11-февралында кармалып, 12-февраль күнү камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Кийин кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылган. УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирген.