БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмү боюнча шектүү кишиге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын Жалал-Абад ОИИБи кабарлады.
22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кызды өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун У.А. аттуу 48 жаштагы тургуну кармалган. ИИМдин алдын ала маалыматына ылайык, ал Сумаяны аңдып, алдоо жолу менен үйүнө алып келген.
Шектүү суракка алынып, күнөөсүн мойнуна алган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы белгилүү болду. Ошондуктан ага 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды", — деп жазылган маалыматта.
Окуучу кыз Сузакта 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал 10 күн бою изделип, сөөгү Арал айылына жакын Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Маркум акыркы сапарга узатылгандан кийин милиция ишти "Киши өлтүрүү" беренесине өзгөрткөн.