Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жатат. Асмандан тартылган видео

127 чарчы метр аянтты ээлеген имарат Бишкектин түштүк аймагынан орун алган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирип, видеосун жиберди.
Кадрдан атайын техника имаратты талкалап жатканын көрүүгө болот.
Имарат президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Ал жактан комментарий бериле элек. Президенттин администрациясы дагы маалымат тараткан эмес.
129 миң чарчы метр аянтты ээлеген имарат Бишкектин түштүк аймагынан орун алган. Бийлик 2016-жылы мейманкананы толугу менен оңдоп-түзөө үчүн 65 миллион доллар салууну пландаган. Бирок долбоор ордунан жылбай токтоп калган.
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова бийлик имаратты оорукана кылып жасаганга алы жеткени менен иш жүзүнө ашырбай койгонун айткан.
1993-жылы объект архитектуралык эстелик статусун алган. Бирок 2021-жылдын апрель айында имарат "жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстелиги" деген тизмеден чыгарылган.
"Нарын" ресторанынын ордуна эмне курулары айтылды