БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Япония өкмөтү "Бишкек — Ош унаа жолун кардан коргоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 766 миллион сом (9,1 миллион долларга жакын) грант бөлүп жатат. Бул тууралуу Япония элчилиги билдирди.
Акысыз жардам көрсөтүү боюнча документтерге кол коюу иш-чарасы Финансы министрлигинде өтүп, ага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен финансы министри Алмаз Бакетаев катышкан.
Аталган долбоор күрткүдөн коргоо жана кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Бул үчүн эскертүүчү белгилер орнотулмакчы.
"Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу жерлердеги бөлүгүндө жол жүрүү кыйындап, тыгындар жаралып, кырсык ыктымалдуулугу күч", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор ишке ашса ички жана эл аралык транспорттук байланыш үзгүлтүккө учурабай калат. Ошондой эле экономиканы жандандырууга оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.