Google компаниясынан озду. TikTok 2021-жылдын популярдуу платформасы аталды

2020-жылы жетинчи орунда турган социалдык тармак быйыл бир кыйла алдыга жылып, лидер аталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. TikTok социалдык тармагы 2021-жылы колдонуучулар эң көп кирген ресурс аталды. Бул тууралуу Wall Street Journal журналы Cloudflare компаниясынын маалыматтарына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, былтыр тизменин башына Google чыгып, лидер аталган. Бул жылы TikTok андан алдыга озуп кетти.
Компаниянын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, социалдык тармак биринчи ирет ушул жылдын февралында эле биринчиге илинген. Былтыр аталган платформа жетинчи орунда эле.
Колдонуучулар көп кирген ресурстардын экинчи сабында Google турса, Facebook үчүнчү орунду ээледи.
Буга чейин 2021-жылы интернет колдонуучулар кайсы соцтармакка көп каражат сарптаганы айтылган. Анда TikTok менен YouTube алдыда болчу.
TikTok — кыска видеолорду тартууга жана көрүүгө арналган колдонмо, ал кытайлык ByteDance компаниясына таандык. 2018-жылы чыгарылган тиркеме Кытайда биринчи орунда туруп, дүйнөнүн чар тарабына кулачын жаюуда.
TikTok челлендждер өспүрүмгө кандай таасир этерин иликтеп, чектөө койду