Эмнеге суукта баш ооруйт? Невролог себебин түшүндүрдү

Дарыгер суукта баш оору кооптуу патологиядан кабар бербей турганын айтып, аба муздаганда баш кийим кийүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Абанын температурасы дароо муздаары менен айрым адамдардын башы ооруй баштайт. Невролог, нейрофизиолог Александр Будик муну теринин рецепторлорунун сезимталдыгы менен түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.
"Бул — организмдин температуралык көрсөткүчтөргө реакциясы. Баштын терисинде рецепторлор жайгашкан. Сезимталдык жогорулаган сайын алар суукта ашыкча дүүлүгө баштайт. Ошол себептен баш оорушу ыктымал", — деген дарыгер.
Невролог суукта баш оору кооптуу патологиядан кабар бербей турганын айтып, аба муздаганда баш кийим кийүүнү сунуштаган.
Ошол эле учурда медик суукта кан басым жогору болгондо да оорушу мүмкүн экенин айткан.
Инфаркт кармаардан бир саат мурда кандай белгилер пайда болот? Адис эскертти