БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына жаңы заманбап техника сатып алынганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Техниканы кабыл алуу иш-чарасы Боталиев — Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркта өттү. Ага шаардын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов катышты.
Шаардык бюджеттин эсебинен бутактарды майдалаган, экскаватор-жүктөгүч, дүмүр көтөргүч жана сугат үчүн суу ташуучу үч унаа алынган.
"Атайын техниканы түрдүү чөйрөдө колдонууга болот. Аба ырайынын бардык шарттарында иштөөгө, кандай гана жүк болбосун көтөрүүгө жөндөмдүү, тейлөөгө ыңгайлуу. Алардын күчү менен шаардын жашыл аймактары өз убагында сугарылат. Эми мындай иштер үчүн техника ижарага алынбайт. Мэриянын казынасындагы каражат үнөмдөлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Экскаватор-жүктөгүч JCB 3CX GE / 2021/ кыртышты төмөндөтүү, инерттүү материалдарды жана кыйылган дарактардын дүмүрүн казып алуу сыяктуу жумуштарды аткарат.
Chip Master 220 ТМР техникасы дарактын бутак-шактарын майдалайт, мындан тышкары, ишкананын жыгач кампасындагы өрт коопсуздугу маселесин жөнгө салат.
Тракторлор үчүн чыгарылган Rotor Speedy 70 - 100 техникасы кыйылган дарак дүмүрлөрүн тамырынан бери жок кылат.