Радио

Сыдыков: FIFA кыздар футболун өнүктүрүүгө басым жасайт

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кыздар арасындагы футбол күйөрмандар үчүн канааттандырарлык жыйынтык болбогону менен өлкөнүн толук кандуу чемпионаты өтүп келерин айтты.
Sputnik
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) тарабынан да өлкөдөгү кыз-келиндер футболун өнүктүрүү боюнча программалары иштеп, ички чемпионатты жакшыртууга басым жасалат. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үч жаш курак боюнча улуттук лигада мелдештер өтүп, акырындык менен өнүгүү жолуна түшүп келе жатат.
"Кыз-келиндер футболунун абалы өлкөдө жарытарлык болбогону менен тиешелүү тапшырмалар коюлуп, кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Эл аралык футбол федерациясы тарабынан да өнүктүрүү программалары сунушталып, колдоо болуп жатат. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыздар арасында толук кандуу чемпионатыбыз бар. Үч жаш куракта Улуттук лигада мелдештер уюштурулуп келет. Жакшы деңгээлге чыгуу үчүн убакыт талап кылынат. Мындан тышкары, биздин менталитетке байланыштуу аймактарда тоскоолдуктар болуп жатат. Ата-бабаларыбыз, энелерибиз, эжелерибиз мурда футбол ойногон эмес деген чектөөлөр да бар. Ага карабастан кыздар арасында футболду жайылтууга басым жасап жатабыз. Келерки төрт жылда кылган эмгегибиздин жыйынтыгын көрөбүз деген ниет бар", — деди Сыдыков.
Ошондой эле жетекчи Кыргыз футбол союзу машыктыруучуларды даярдоого олуттуу көңүл бура тургандыгын кошумчалады.