Көмүр ташыгандарга көз каранды болбош үчүн "Кыргыз көмүр" транспорт сатып алды

Транспорт көмүрдү калкка үзгүлтүксүз жеткирип туруу үчүн керек экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташуу үчүн жүк ташуучу транспорт сатып алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
1 / 2

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташуу үчүн жүк ташуучу транспорт сатып алынды

2 / 2

Министр Доскул Бекмурзаев Howo үлгүсүндөгү 10 жүк ташуучу унаа менен бир "Ниванын" ачкычын тапшырган.

Министр Доскул Бекмурзаев Howo үлгүсүндөгү 10 жүк ташуучу унаа менен бир "Ниванын" ачкычын тапшырган. Ал мындай транспорт көмүрдү калкка үзгүлтүксүз жеткирип туруу үчүн керек экенин белгиледи.
"Буга чейин өзүбүздүн техникабыз жок болгондуктан калкты көмүр менен камсыз кылууда жеке ташуучулардан көз каранды болчубуз. Эми бул көйгөйдөн арылдык. Бүгүн биз 10 жүк ташуучу автоунаа сатып алдык. Ишкананын автопаркын мындан ары дагы толуктоо планыбызда бар", — деди Бекмурзаев.
Министрдин айтымында, былтыр Кара-Кечеден 497 тонна көмүр казылса, быйыл 800 миң тонна алынды. Натыйжада "Кыргыз көмүр" бир жылда 188 миллион сом киреше тапты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 эсе көп.
Акыркы төрт айда өлкөдө жарым миллион тонна көмүр казылды. Салыштыруу