Бийлик Centerra Gold Inc. менен Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Сүрөт

Сүйлөшүүгө өлкө атынан атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кечээ Бишкекте Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен алтын кен боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компанинин" маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу жабык видеоконференция форматында болгон.
1 / 3

Ага Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

2 / 3

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышкан

3 / 3

Ал эми экинчи тараптан Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана башкы директору Скотт Перри болгону айтылды

Ага Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышкан. Ал эми экинчи тараптан Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана башкы директору Скотт Перри болгону айтылды.
"Тараптар алтын кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты", — деп жазылган маалыматта.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен талкууну 24-декабрда улантуу чечими кабыл алынды.
Эске салсак, 2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, Теңиз Бөлтүрүк жетекчи болгон. Октябрь айынын орто ченинде Акылбек Жапаров Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, мамлекет 100 миллион сомдой пайда көргөнүн айткан.
Киберкоопсуздук бузулду! Кыргызстан Centerra компаниясын сотко берди