БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрь күнү, 74 жаш курагында айтылуу археолог, тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков дүйнөдөн кайтты. Кабар маркум өмүрүнүн акыркы жылдары эмгектенип жүргөн Новосибирск мамлекеттик университетинин расмий сайтында жарыяланды.
Худяков — орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Тарых илимдеринин доктору. Кыргызстандын III даражадагы Манас жана Данакер ордендеринин ээси.
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасында Худяковдун ишмердүүлүгүнө баа берип, ал өмүр бою кыргыз тарыхын изилдеген, тарых чындыгы үчүн ар дайым күрөшүп келген инсан болгонун белгиледи.