Кыргызстанда балдарга берилген паспорттун мөөнөтү өзгөртүлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 16 жашка чейинки балдарга паспорт алуу үчүн кандай документтер зарыл экенин айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдарга берилген жалпы жарандык паспорттун жарактуу мөөнөтүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
"Миграция жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары бир жашка чейинки балдарга паспорт эки жылга, 1-16 жаштагыларга беш жылга берилмекчи.
Буга чейин 16 жашка толо элек кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту үч жыл колдонушчу.
Жашы жете элек балдарга документтин бул түрүн алууну каалаган ата-энелер Калкты тейлөө борборлоруна же аймактык паспорттоштуруу бөлүмүнө кайрылуусу зарыл. Ал үчүн төмөнкү документтер керек:
анкета-арыз (калкты тейлөө борбору же аймактык паспорттоштуруу бөлүмүнүн кызматкери тарабынан толтурулат);
туулгандыгы тууралуу күбөлүк же маалымкат;
ата-энесинин (экөөнүн биринин) же расмий өкүлүнүн паспорту;
ата-энесинин (экөөнүн биринин) же расмий өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
акча төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
Кайсы учурда ата-энесинин биринин гана паспорту кабыл алынат:
эгер сот бирин ата-энелик укуктан ажыратып койсо;
бири каза болгондугу тууралуу күбөлүк болсо;
бири түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандыгы тууралуу маалымкат болсо;
бири дайынсыз жоголгондугу, акыл-эсинен ажырагандыгы же издөөдө жүргөндүгү боюнча сот чечими болсо.
Эгер атасы же энеси башка мамлекеттин жараны болсо, анын дагы макулдугу зарыл.
2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кайрылган адамдын каттоосу сөзсүз автоматташкан маалыматтык системага киргизилген болушу керек. Чет элде жүргөндөрдө консулдук каттоодо тургандыгы боюнча маалымат болушу зарыл.
Сокулукта этникалык кыргыздарга КР жарандыгын берүү үчүн пункт ачылды