Шайлоодо кызматтан алынган ОшМУнун ректору Кожобеков кайра дайындалды

Ректор шайлоо маалында үгүт ишине аралашкан деген негиз менен кызматтан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кудайберди Кожобеков кайрадан ОшМУнун ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кызматка парламенттик шайлоо маалында үгүт иштерине аралашпаганы аныкталгандыктан кийин коюлганы айтылды.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда Акылбек Жапаров ОшМУнун студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Бакытбек Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынган. Аны менен катар билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.
Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Айтматов академиясына жетекчи болду