БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Контролдук-кассалык аппараттарды сатып алуудан сырткары бекер дагы алса болот. Бул тууралуу салык органынын жетекчилери маалымат жыйында билдирди.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Аалиевдин айтымында, ККМ аппараттарынын баасы Кыргызстанда сапатына жараша 10 миңден 25 миң сомго чейин. Ал эми тиркеме катары телефон, планшет, ноутбуктарга жүктөп ала турган программалык ККМ бекер. Болгону чек чыгаруучу принтерди болжол менен 1000 сомго сатып алуу жана айына 200-400 сом тейлөө акысы талап кылынат.
Ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков ККМ аппараттарын чет өлкөдөн алып келгендерге 12 пайыздык кошумча нарк салыгы жоюлганын билдирди. Мамлекет аппараттардын баасын арзандатуу үчүн ушундай чечим кабыл алган.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов, мындан сырткары, "Айыл банк", "РСК банк" жана "Керемет" банктан ККМ аппараттарын бекер алса болорун белгиледи.
"Ар бир банк 3000ден ККМ аппаратын алып ишкерлерге бекер таратып берет. Алардын аппаратында үч функция болот, негизинен накталай эмес төлөм жүргүзүүгө ылайыкталган. Алар баарына эле бекер болбойт, карта аркылуу төлөм аткарган жайларга артыкчылык берет. Анткени банктардын да накталай эмес каражаттын үлүшүн көтөрүү планы бар", — деди Умтулов.
Ошондой эле ал уюлдук операторлор жана башка компаниялар программалык ККМдерди иштеп чыгышканын билдирди. Салык кызматы дагы Россиядан алып келген Смарт карта системасын колдонот.
Умтуловдун айтымында, мисалы, уюлдук оператордун программалык ККМин алуу үчүн бардык тейлөө борборлоруна барса түшүндүрүп, телефонуна жүктөп берет. Эгер иштетүүдө маселе жаралса күнү-түнү тейлөө кызматын көрсөтөт. Ал үчүн айына 250 сомдой төлөө шарт.