Пресс-борбор

Баясов: 2021-жыл инвесторлор менен сүйлөшүү жылы болду

Баясовдун айтымында, быйыл Кыргызстанда бир нече шайлоо өтүп, инвестициялык активдүүлүккө таасирин тийгизген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Узап бара жаткан жыл инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жылы болду. Бул тууралуу Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал шайлоо процесстери инвестициялык активдүүлүккө таасир этерин, себеби инвесторлор күтүү позициясында турарын белгиледи.
"2021-жыл сүйлөшүүлөрдүн жылы болду. 2022-жылы инвестиция тартуу боюнча активдүү иш алып баруу үчүн 20дан ашуун иш-чара өткөрүлдү. Бул жылдын жыйынтыгы менен 18 меморандум менен беш экспорттук келишимге кол коюлду. Бардык багыттар боюнча пландар келерки жылы ишке ашат", — деди Баясов.
Ал ошондой эле акыркы айларда бир нече инвестициялык долбоорлор боюнча иш алып барганын жана 2022-жылы ал иштер улантыларын кошумчалады.
Швейцария 22 млн. доллар бөлүүгө даяр. Жапаров бир катар элчини кабыл алды